Париж -2024: Президент Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын расмий ачылышына катышты

Автор

Президент Садыр Жапаров Париж шаарында XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысын жана Биринчи айым Айгүл Жапарованы Елисей сарайында Франциянын Президенти Эмманюэль Макрон менен Биринчи айым Брижит Макрон тосуп алды. Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Сена дарыясында өттү. Париждин белгилүү жерлеринин жанынан 85 өлкөнүн делегациясы кайыктар менен сүзүп өтүштү. Кыргызстандын Мамлекеттик желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп өттү.
Кыргызстандын Улуттук курама командада 16 спортчу бар, алар спорттун беш түрүндө — күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча катышат.
Оюндардын ачылышына 205 өлкөдөн 10 миңге жакын спортчу, ошондой эле жүздөн ашык мамлекет башчылары жана өкмөт мүчөлөрү катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Бүгүн Кыргызстандын атынан Денис Петрашов чыгат Бүгүн, 27-июлда Париж шаарында XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан биринчи болуп сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов чыгат. Ал 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзөт. Париждеги Олимп оюндарында 27-июль күнү 14 медаль топтому ойнотулат. Бул аралыкка сүзүүгө жалпысынан 36 спортчу катышат, алар 5 топко бөлүнөт. Алдын ала жарыштан кийин жарым финалга күчтүү 16 суучул суурулуп чыгат. Кыргызстандын Улуттук курама командада 16 спортчу бар, алар спорттун беш түрүндө — күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча катышат. Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Парижде 26-июлдан 11-августка чейин, ал эми Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Бүгүн, 27-июлда Париж шаарында XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан биринчи болуп сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов чыгат. Ал 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзөт. Париждеги Олимп оюндарында 27-июль күнү 14 медаль топтому ойнотулат. Бул аралыкка сүзүүгө жалпысынан 36 спортчу катышат, алар 5 топко бөлүнөт. Алдын ала жарыштан кийин […]

Сизге жагышы мүмкүн