“Париж -2024”: Орусия  спортчулары Олимпиада оюндарына чакырылбайт

Автор

Россия Федерациясы менен Беларус спортчулары  2024-жылы Парижде өтүүчү XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына чакыруу алышпайт. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетинен (МОК) расмий сайтында айтылат.

“Олимпиадага чакыруу 26-июлда  жалпы 203 Улуттук олимпиадалык комитеттерге (УКК) жөнөтүлөт”, – деп билдирет  спорттук уюмдун басма сөз кызматы. “Аларга Россия менен Беларустун, ошондой эле Гватемаланын Улуттук Олимпиада комитети кирбейт”.

Эске салсак, 2022-жылдын жазында Эл аралык Олимпиада комитети Россиянын Украинадагы атайын операциясына байланыштуу эл аралык спорт федерацияларына орусиялыктарды жана белорустарды эл аралык мелдештерге катышуудан баш тартуу боюнча сунуш берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Ленин округунан шайлоо: Эки киши депутаттыкка талапкерлигин койду

Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга эки талапкерден арыз түштү. – 33 жаштагы активист Эртай Искаков; – 29 жаштагы коомдук ишмер Аскар Алмаз улуу. Боршайком кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 10-августта аяктайт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн