Париж-2024: Орусиялык спортчулар медалдык таблицага кирбейт

Автор

2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында орусиялык спортчулар медалдык таблицага катышпайт. Буга чейин Париждеги оюндарга эң көп дегенде 55 россиялык катыша турганы айтылган.
Мындан тышкары Эл аралык Олимпиада комитети (МОК) бейтарап спортчулардын желегин жана гимнин бекитти. Алар жеңишке жетишсе, AIN (жеке нейтралдуу спортчулар) гимни ойнолот, деп билдирди уюм.
Ошондой эле бул спортчулар медалдык эсепте аталбай турганы да такталган.
Эскерте кетсек, Эл аралык Олимпиада комитети (МОК) орусиялыктар менен беларустарга Олимпиадага катышууга бардык критерийлерди эске алуу менен бейтарап статуста катышууга уруксат берген.
Париждеги Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Орус спортчулары да катыша турган Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

21-мартка карата аба ырайы

21-мартта түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда […]

Сизге жагышы мүмкүн