Орусиянын сегиз балбаны 2024-жылкы жайкы Олимпиада оюндарына катышууга лицензия утуп алышты. Алар Бакуда өткөн европалык квалификациялык турнирде аныкталды.
Эркин жана грек-рим боюнча биринчилерден болуп Алихан Жабраилов менен Артур Найфанов жолдомо алышты.
Мелдештин грек-рим бөлүгүндө Сергей Семенов менен Милад Алирзаев жолдомо алышты. Калган төрт жолдомо аялдар арасында Алина Касабиева, Наталья Малышева, Ханум Велиева жана Надежда Соколова утуп алышты.
Эске сала кетсек, Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт