Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах россиялык спортчулардын алдыдагы Олимпиада оюндарына кирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу жаңы маалымат берди. Ал маселе 2023-жылы чечилбей калышы мүмкүн экенин ачык айтты.
Анын айтымында, 14-17-октябрга белгиленген спорттук уюмдун жыйынында орустар менен беларустар боюнча өкүмдү күтпөш керек. Иш-чара Индиянын Мумбай шаарында өтөт.
«Чечим кырдаалдын өнүгүшүнө жараша болот. Биз улуттук федерациялар бейтарап жана жеке спортчулардын катышуусун камсыз кылуу боюнча биздин шарттарды кандай аткарып жаткандыгын көрүп жатабыз. Биз мындан ары дагы мониторинг жүргүзүүнү улантабыз, андан кийин бардык катышуучулар бул шарттарды кандай аткарып жатканын көрөбүз. Натыйжага жараша биз өз убагында чечим кабыл алабыз бирок бул октябрда болбойт», — деп цитата келтирди ТАСС.