Франциянын президенти Эммануэль Макрон символикалык түрдө Париж шаарынын жанындагы Олимпиада кыштагын ачты.
Анын курулушуна дээрлик эки миллиард евро сарпталган. Комплекс 82 имараттан турат. Олимпиадалык шаарча 14,5 миңдей спортчуну жана эки жүздөн ашык улуттук делегациянын өкүлдөрүн кабыл ала алат. Ал эми кинотеатрдын залында күнүнө 40 миң порцияны тейлеген ашкана күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары айылда спорт зал, медпункт, чач тарач, кафе-ресторандар, дүкөн жана почта болот.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын октябрь айында башталган курулушта 4 миң адам жумуш менен камсыз болгон. Жумушка дээрлик 2 миллиард евро сарпталган.