Париж өтө турган 2024-жылкы Жайкы олимпиада оюндарынын башталышына бир жылдай убакыт калды. Уюштуруу комитети спорттун 39 түрү боюнча спортчуларды кабыл алууга даярданууда.
Эске салсак, 2021-жылы Токио Олимпиадасында спорт оюндарынын 41 түрү боюнча медалдар тапшырылган.
Уюштуруучулар жана Эл аралык Олимпиада комитети эки жыл мурда каратэ, бейсбол жана софтбол Париж Олимпиадасынын мелдеш программасынан чыгарыла турганын жарыялашкан. Учурда алардын ордуна бир гана жаңы дисциплина – брейк-данс болоору аныкталган.
Мындан тышкары скейтбординг, серфинг жана спорттук альпинизм сыяктуу спорттун түрлөрү Франция оюндарынын программасында калганын да белгилейбиз. Уюштуруучулардын пикири боюнча Эл аралык Олимпиада комитети дагы инклюзивдик, гендердик тең салмактуу жана жаштарга багытталган мелдештердин жаңы стандартын белгилешип, бул дисциплиналарга басым жасап жатат.