2024-жылга белгиленген Париж Олимпиада оюндары өлкөдөгү баш аламандыктардын айынан үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Чет элдик спорт кабар агенттиктеринин маалыматына караганада Францияда Олимпиадага каршы кыймыл күч алды.
Оюндардын үзгүлтүккө учурашына президент Эммануэль Макрон баштаган пенсия реформасы себеп болушу мүмкүн экендиги айтылууда. Митингчилер Олимпиаданы бийликке кысым көрсөтүү рычагы катары колдонушу мүмкүн.
Акциянын катышуучулары Париждеги Олимпиаданы токтотуу демилгесин көтөрүштү. Тиешелүү кайрылуу социалдык тармактарга жарыяланды. Бирок азырынча конкреттүү кадамдар жасала элек.
Франциянын профсоюздары бул чакырыкты колдошкон жок. Бирок уланып жаткан нааразылык акциялары оюндарды өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө да, катышуучулардын жана коноктордун коопсуздугуна да таасирин тийгизиши мүмкүн.