Парижде өтө турган 2024-жылкы Жайкы Олимпиада оюндарынын башталышына аз убакыт калды. Уюштуруу комитети спорт оюндарын 41ден 39га кыскартууну кабыл алгандыгы айтылууда.
Эске салсак, 2021-жылы Токио Олимпиадасында 41 дисциплина боюнча медалдар тапшырылган.
Уюштуруучулар жана Эл аралык Олимпиада комитети эки жыл мурда каратэ, бейсбол жана софтбол Париж Олимпиадасынын мелдеш программасынан чыгарыла турганын жарыялашкан. Учурда алардын ордуна бир гана жаңы дисциплина – брейк-данс болоору аныкталган.
Мындан тышкары скейтбординг, серфинг жана спорттук альпинизм сыяктуу спорттун түрлөрү Франция оюндарынын программасында калды. Уюштуруучулардын пикири боюнча Эл аралык Олимпиада комитети дагы инклюзивдик, гендердик тең салмактуу жана жаштарга багытталган мелдештердин жаңы стандартын белгилешип, бул дисциплиналарга басым жасашууда.