Париж -2024: Олимпиада оюндарына качкындар курамасы катышат

Автор

Эл аралык Олимпиада комитети 11 өлкөдөн 36 спортчуга 2024-жылы Парижде өтө турган оюндарга качкындар командасынын курамында катышууга уруксат берди.
Спорттук комитет билдиргендей 36 спортчу Париждин ареналарында спорттун 12 олимпиадалык түрү боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Алар учурда планетада жашап жаткан 100 миллион качкындын атынан ат салышат.
Команданын курамы Эл аралык Олимпиада комитетинин Аткаруу кеңеши тарабынан бекитилип, бир катар критерийлердин, анын ичинде ар бир спортчунун спорттук көрсөткүчтөрү жана БУУнун Качкындар боюнча агенттиги тарабынан тастыкталган анын качкын статусу боюнча негизделген.
Качкындардын олимпиадалык командасы биринчи жолу өзүнүн логотиби астында ат салышып, ар түрдүү спортчуларды бириктирип, командага уникалдуу өзгөчөлүк тартуулайт.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУ Зеленскийдин легитимдүүлүгү тууралуу үн катты

БУУнун башчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик уюмдун көз карашында Владимир Зеленский ыйгарым укуктары аяктаганына карабай Украинанын президенти бойдон кала берээрин билдирди. “Президент Зеленский биз үчүн Украинанын мамлекет башчысы жана башкы катчы украин лидери менен байланышуу керек болгондо сүйлөшкөн адам бойдон калууда”,-деди Дюжаррик журналисттердин суроосуна жооп берип жатып. 2019-жылы шайланган Зеленскийдин […]

Сизге жагышы мүмкүн