Париж-2024: Олимпиаданын чыгымы 3-5 млрд евро болушу мүмкүн

Автор

Франциянын Эсеп палатасынын төрагасы Пьер Московичи Олимпиада оюндарын өткөрүү өлкөгө канчага чыгаарын айтты.
«Биз азырынча Олимпиада оюндарын өткөрүүнүн так наркын биле элекпиз. Оюндардан кийин Эсеп палатасы өздөрү аудит жүргүзөт. Олимпиада үч миллиарддан беш миллиард еврого чейин болушу керек. Бул сумма биздин мамлекеттик карызыбызга чоң таасирин тийгизет деп ойлобойм, – деди Московичи France Inter радиосунда.
Эске салсак, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары да катышат. Учурда Кыргызстандын 5 олимпиадалык лицензиясы бар – Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов (баары күрөш) жана Денис Петрашов (сууда сүзүү).

Бөлүшүү:
Next Post

Эстониянын премьер-министри НАТОну жетектери айтылууда

Эстониянын премьер-министри Кая Калластын АКШ, Улуу Британия, Франция жана Германиянын колдоосу менен НАТОнун жаңы баш катчысы болууга эң маанилүү талапкер экени айтылды. Estonian World журналы эл аралык басма сөздө Украинага болгон күчтүү колдоосу жана Россия тууралуу аналитикалык билдирүүлөрү менен көзгө урунган Калластын НАТОнун кийинки лидери болуу күн тартибинде экенин белгиледи. […]

Сизге жагышы мүмкүн