Париж-2024: Олимпиаданын ачылышында өзгөрүү болбойт

Автор

Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкө террордук коркунучуна карабай Олимпиада оюндарынын ачылышын Сена дарыясында өткөрүүгө даяр экенин билдирди.
“Крокус Сити Холлдогу” теракттан кийин Франциянын атайын кызматтары өлкөнүн Ички иштер министрлигине Олимпиаданын ачылыш аземин өткөрүүдөн баш тартууну сунуштаган.
Салтанат Сена дарыясында спортчулардын салтка айланган парады кайыктарда өткөрүлөт. Жээктин боюндагы жарым миллионго жакын адам аземди түз эфирде көрөрү күтүлүүдө.
“Тилекке каршы, Франция бир нече жылдан бери терроризм коркунучуна туш болуп келатат. Биз муну билебиз, ал кээде сырттан, кээде ичинен келип чыгат. Биз кыраакылыгыбызды күчөттүк жана деңгээлди көтөрдүк. Биз даярбыз”, – деп жазган РИА Новости
Макрондун айтымында, оюндарды уюштуруучулардын бир нече сценарийи бар. Эгер жагдайлар талап кылса, алар резервдик планга кайрыла алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

6-апрелде күтүлгөн аба ырайы

6-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20; Талас өрөөнүндө түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн