Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманин Олимпиаданын ачылыш аземине 300 миңдей киши келе аларын, бул баштагыдан эки эсе аз экенин билдирди.
Париж Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи биринчи жолу майрамдык салтанат стадиондун ичинде гана эмес, анын сыртында да өткөрүлөт. Спортчулар Франциянын борбору аркылуу Сена дарыясын бойлой кайыктар менен дээрлик 6 километрге созулган маршрут боюнча жүрүшөт. Дарыянын эки жээги көп сандаган тосмолордун артында көрүүчүлөр менен курчалган.
Уруксат берилген 300 миң билеттин 100 миңи төлөнөт жана дарыяга жакын жайгашат, калганы бекер жана жогоруда жайгашкан. Олимпиаданын ачылышына көрүүчүлөрдүн саны кыскартуунун себептери айтылган жок.
Эске салсак, 2024-жылы жайкы Олимпиада оюндары Парижде 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.