Париж -2024: Олимпиаданын алгачкы алтын медалынын ээлери аныкталды

Автор

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында медалдардын биринчи топтому бүгүн, 27-июлда тапшырылды. Бул 10 метрден пневматикалык тапанчадан атуу боюнча аралаш жуптар боюнча мелдеште болду. Финалда Кытай менен Түштүк Кореянын жуптары беттешти. Кытайлык Лихао Шен менен Ютинг Хванг 16:12 эсебинде жеңишке жетишти. Ошентип Кытай 2024-жылкы Олимпиаданын расмий эмес медалдык эсебинде алдыга чыкты.
Бир аз мурда ушул эле дисциплинада 3-орун үчүн беттеш да өтүп, жеңишти казакстандык түгөйлөр – Александра Ле менен Ислам Сатпаев жеңип, сыйлык тапшыруу аземинде коло медалдарды алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу жарым финалга өтө албай калды

Бүгүн, 28-июлда Париждеги Олимпиада оюндарында Кыргызстандын дзюдочусу Кубанычбек Айбек уулу беттешке чыгып, украиналык спортчуга утулуп калды. Ал 66 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти 1/16 финалдык баскычтан баштаган. Кыргызстандык спортчунун алгачкы атаандашы 2022-жылкы Европа чемпиону украиналык Богдан Ядов болду. Белгилей кетсек, Париж Олимпиадасына Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, […]

Сизге жагышы мүмкүн