Париждеги жайкы Олимпиада оюндарынын алдында Эйфель мунарасына олимпиадалык шакекчелер орнотулат.
Ар бир Олимпиадада беш чоң шакек оюндарды өткөргөн шаар үчүн символикалуу жерге коюлат. Быйыл Парижде шакекчелер мунаранын биринчи жана экинчи кабаттарынын ортосуна, болжол менен 60 метр бийиктикке орнотулат. Мындан тышкары, Эйфель мунарасы спорттук иш-чараларда борбордук ролду ойнойт.
Мунарага жакын Шам-де-Марстта пляж волейболу боюнча турнир өткөрүлөт. Жакын жерде, Трокадеро аянтында «Чемпиондор паркы» деп аталган чоң фан-зонасы түзүлөт, анда медаль уткандар күн сайын коомчулуктун алдына чыгып турат.
Эске сала кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Францияда 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиада оюндары 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.