Париж -2024: Олимпиададан күмүш уткандар 10 млн сомдон, коло медалдарга 7 млн сом берилет

Автор

Париждеги Олимп оюндарында күмүш медаль уткан кыргызстандык спортчуларга 10 млн сом берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымдады.
Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын күмүш медалын алышты. Буйруса экөө тең 10 млн сомдон алышат.
Ал эми коло байге ээлери мурда 5 миллион сомдон алышса, бу сапар 7 млн сомдон алышат. Кыргызстандан Париж олимпиадасынан Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жүзүпбеков, Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова коло медалга ээ болушту.
Машыктыруучуларга жана дарыгерлерге да сыйлыктар каралган.
Эске салсак, Париж Олимпиадасы 26-июлда башталган. Ага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышты. Алар спорттун беш түрү: күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш), жеңил атлетика, сууда сүзүү, бокс жана дзюдо оюндары боюнча күч сынашты.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 12-август саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 50 тыйын болсо, сатуу 85 сом 90 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 40 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн