Париж -2024: Олимпиададан канча киреше түшөөрү айтылды

Автор

Эл аралык Олимпиада комитети 2024-жылкы Париж Олимпиада оюндары боюнча экономисттердин изилдөөсүнүн жыйынтыгын сунуштады. Жайкы оюндар Франциянын казынасына 6,7ден 11,1 миллиард еврого чейин киреше алып келиши керек
Каржы эксперттеринин айтымында, Париж бюджети 8,9 миллиард еврого толукталат. Бул сандар Лимож университетиндеги Спорттун укук жана экономика борборунун (CDES) отчетунда жарыяланды.
2024-жылкы Олимпиадага 3,1 миллионго чейин турист келет деп күтүлүүдө. Алардын жарымынан көбү француздар. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча зыяратчылар Парижге болжол менен 2,6 миллиард евро коротушат.
Белгилүү болгондой, 2024-жылкы оюндарды каржылоо үч тараптан келет. 7 миллиард евро медиа укуктарынан, демөөрчүлүктөн, билеттерди сатуудан жана жеке инвестициялардан келет. Андан кийин Эл аралык Олимпиада комитетинен 1,7 миллиард долларлык салымы бар. Ал эми француз бийлигинин каржылоосу 3 миллиард еврону түзөт.
Эске салсак, Жайкы Олимпиада оюндары Парижде 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Токаев 71 жашта. Президент туулган күнүн кандай өткөрөт?

Бүгүн, 17-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 71 жашка толду. Өлкө башчынын басма сөз кызматы президент бул күндү кандай өткөрөрүн айтып берди. Президенттин кеңешчиси жана басма сөз катчысы Берик Уали мамлекет башчы туулган күнүн белгилебей турганын билдирди. «Касым-Жомарт Токаев үчүн бул кадимки иш күнү. Президент жумушта болот. Бул датага байланыштуу эч […]

Сизге жагышы мүмкүн