Париж – 2024: Олимпиадага орусиялык 108 спортчу бара алат

Автор

2024-жылы өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына 108 орусиялык спортчу катыша алат. Бул тууралуу Орусиянын спорт министри Олег Матыцин билдирди.

Орусиянын спорт министри Олег Матыцин 2024-жылкы Олимпиадага катышууга уруксат бериле турган орусиялык спортчулардын санын жарыялады. Бирок Эл аралык олимпиада комитети орусиялыктарды кабыл алуу боюнча чечим кабыл ала элек.

«Азырынча абал өзгөрө элек. Биздин өлкө командалык мелдештерден четтетилгенин эске алуу менен орусиялык спортчулар жеке таймаштарга гана катыша алышат. Квалификациялык мелдештердин негизинде 108ден ашпайт деп болжолдоого болот. Орусиядан келген спортчулар Парижде күч сынашат», — дейт Матыцин .

Бирок азырынча Орусиянын Олимпиада комитети Эл аралык олимпиада комитетинен чакыруу ала элек жана орусиялык спортчулардын бейтарап статуска катышуусу суроо астында калууда. Буга чейин  Эл аралык олимпиада комитетинен   Аткаруу комитети укук коргоо органдары менен байланышы жок россиялык спортчуларга бейтарап статуска уруксат берүүнү сунуштаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош облусуна республикалык бюджеттен 777,4 млн сом бөлүндү

Ош облусу боюнча 2023-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен 777,4 млн сом сом каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бюджеттер аралык трансферттер: Теңдөөчү трансферт – 627,1 млн сом; Ыйгарым укуктарды берүүгө -46,3 млн сом; Электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга – 16,3 млн сом; Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга […]

Сизге жагышы мүмкүн