Париж -2024: Мээрим Жуманазаровнын Олимпиададагы атаандаштары кимдер? (тизме)

Автор

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган. Жуманазарова муну менен экинчи ирет Олимпиадагы катышат.
Азыркы тапта күрөш боюнча Париждеги Оюндарга жолдомо ойноткон мелдештер жыйынтыкталып, Мээрим Жуманазарованын бардык атаандашы белгилүү болду.
68 кг салмакта Олимпиадага жолдомо алган балбан кыздар:
1. Түркия — Бусе Тосун (дүйнө чемпиону (2023-жыл), эки жолу коло уткан (2018, 2021-жыл), Европа чемпиону (2024-жыл), эки ирет күмүш (2022, 2023-жыл) жана эки жолу коло тагынган (2016, 2018-жыл)
2. Монголия — Делгермаа Энхсайхан (дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси (2023-жыл), Азия биринчилигинде 1 жолу күмүш (2021-жыл), 3 ирет коло медалга татыган (2020, 2022, 2024-жыл) Азия оюндарынын коло байге ээси (2023-жыл)
3. Франция — Кумба Ларрок (дүйнө чемпионатында 1 ирет күмүш (2018-жыл), 3 жолу коло тагынган (2017, 2022, 2023-жыл), Европанын чемпиону (2021-жыл), 1 жолу күмүш (2018-жыл), 2 ирет коло уткан (2017, 2023-жыл)
4. Молдова — Ирина Рингачи (дүйнө чемпиону (2021-жыл), эки жолу коло тагынган (2022, 2023-жыл), Европанын эки жолку чемпиону (2021, 2022-жыл), ошондой эле күмүш менен коло уткан (2023, 2024-жыл)
5. Япония — Нонока Озаки (дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022, 2023-жыл), бир ирет коло байгеге татыган (2021-жыл), Азиянын эки жолку чемпиону (2022, 2024-жыл), бир ирет коло тагынган, Азия оюндарынын күмүш байге ээси (2022-жыл)
6. АКШ — Амит Элор (дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022, 2023-жыл), Пан-Америка чемпиону (2023-жыл)
7. Венесуэла — Карабалло Антониета (Пан-Америка чемпиону (2022-жыл), эки жолку күмүш байге ээси (2018, 2024-жыл), Пан-Америка оюндарында күмүш уткан (2023-жыл)
8. Нигерия — Блессинг Оборудуду (Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси (2021-жыл), Африканын 13 жолку чемпиону (2010-2024-жылдардын ичинде), бир ирет коло тагынган (2009-жыл), Африка оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү (2019, 2024-жыл)
9. Жаңы Зеландия — Тайла Туахин Форд (Океаниянын эки жолку чемпиону (2019, 2023-жыл)
10. Польша — Виктория Чолуй (Европа чемпионатынын коло байге ээси (2024-жыл)
11. Бейтарап спортчу — Ханум Велиева (дүйнө чемпионатында коло уткан (2021-жыл), Европа чемпиону (2020-жыл) жана күмүш байге ээси (2021-жыл)
12. Кыргызстан — Мээрим Жуманазарова (Олимпиада оюндарынын коло байге ээси (2021-жыл), дүйнө чемпиону (2021-жыл), Азия чемпиону (2021-жыл), 1 ирет күмүш (2022-жыл) жана эки жолу коло (2018, 2019-жыл) тагынган, Азия оюндарынын коло байге ээси (2018-жыл)
13. Түндүк Корея — Сол Гум Пак (19 жашта, чоң мелдештерде байге алганы тууралуу маалымат жок)
14. Индия — Ниша Ниша (Азия чемпионатынын күмүш байге ээси (2023-жыл)
15. Кытай — Фен Чжоу (дүйнө чемпионатында күмүш (2015-жыл) жана коло уткан (2018-жыл), Азиянын эки жолку чемпиону (2015, 2018-жыл), 2 ирет күмүш (2014, 2019-жыл) жана 2 жолу коло медалга (2017, 2023-жыл) татыган), Азия оюндарынын үч жолку жеңүүчүсү (2014, 2018, 2022-жыл)
16. Канада — Линда Мораис (дүйнө чемпиону (2019-жыл), 2 ирет коло уткан (2016, 2022-жыл), Пан-Америка чемпионатынын күмүш байге ээси (2021-жыл)

Бөлүшүү:
Next Post

Сулайман-Тоого кирүүчү жолдор убактылуу жабылды. Себеби

Сулайман-Тоого кирүүчү жолдорубактылуу жабылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, соку эки күндөгү нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Сулайман-Тоонун түштүк тарабындагы туристтик жолдорго таш кулап, сел жүргөн. Анын кесепетинен тоодогу туристтик жолдорду, Үңкүр музейин тазалоо иштери жүргүзүлө баштады. Буга байланыштуу туристтик жолдор менен Үңкүр музейи […]

Сизге жагышы мүмкүн