Париж -2024: Мээрим Жуманазарова чейрек финалга чыкты

Автор

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында бүгүн, 5-августа күрөш боюнча мелдеш башталды.
68 килограммга чейинки салмак ченинде кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова 1/8 финалдан баштады.
Ал монголиялык Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде жеңди.
Эске сала кетсек, бүгүн кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков жеңиш менен баштады.
Олимпиада оюндарында Кыргызстандан жалпысынан 10 балбан күч сынашат.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Мээрим Жуманазарова финалга чыкты

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Мээрим Жуманазарова 6-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта финалга чыкты. Кыргызстандык балбан кыз жарым финалда нигериялык атаандашы Блессинг Оборудудуну 3:1 эсебинде утту. Жуманазарова алгачкы беттеште монголиялык балбан Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде жеңген. Андан кийин жапониялык Нонока Одзакини 8:6 эсебинде жеңип жарым финалга жолдомо алган. Эми […]

Сизге жагышы мүмкүн