Париж -2024: Мээрим Жуманазарова финалга чыкты

Автор

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Мээрим Жуманазарова 6-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта финалга чыкты.
Кыргызстандык балбан кыз жарым финалда нигериялык атаандашы Блессинг Оборудудуну 3:1 эсебинде утту.
Жуманазарова алгачкы беттеште монголиялык балбан Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде жеңген. Андан кийин жапониялык Нонока Одзакини 8:6 эсебинде жеңип жарым финалга жолдомо алган.
Эми Мээрим Жуманазарова финалда алтын медаль үчүн күрөшөт. Жубатуучу беттештер жана медаль үчүн күрөштөр бүгүн, 6-августта өтмөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Бүгүн 4 кыргызстандык балбан беттешке чыгат

Бүгүн, 6-августта Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык 4 балбан килем үстүнө чыгат. Адегенде Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча турнирде беттештерин башташат. Балбандардын күрөшү Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө, жарым финалдык кармаштар 22:15те болмокчу. Жарым финалдык беттештерден кийин медаль үчүн мелдештер орун алат. Килемге биринчи Жоламан Шаршенбеков чыгат. Ал […]

Сизге жагышы мүмкүн