Париж – 2024: Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду

Автор

Бүгүн, 7-августта Мээрим Жуманазарова Париждеги XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалына ээ болду.
Кыргызстандык балбан кыз 68 кг чейинки салмак категориясында 1/8 финалдан баштап моңголиялык Энсайхан Делгермааны 8:3 эсебинде жеңип 1/4 финалга чыккан.
Чейрек финалдык беттеште жапониялык Ноноки Одзакини 8:6 эсебинде уткан.
Жарым финалдык беттеште нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсеби менен женип финалга чыккан.
Алтын медаль үчүн беттеште америкалык Амит Элордон 3:0 эсебинде женилип, экинчи оорунга ээ болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Бүгүн балбандар Исмаилов, Махмудов жана Жусупбеков килемге чыгат

Бүгүн, 7-августта Париждеги Олимпиада оюндарында Кыргызстандын үч балбаны – Амантур Исмаилов, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков килемге чыгат. Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков көңүл жубатуучу беттеште коло медалга күрөшүү мүмкүнчүлүгү үчүн күрөшөт. Амантур Исмаилов болсо, турнирде алгачкы беттештерин өткөрөт. Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат. 7-августтун жүгүрмөсү: 77 килограмм салмак […]

Сизге жагышы мүмкүн