Париж-2024: Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты

Автор

Париж Олимпиадасынын алкагында боксчу Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы беттешин жеңиш менен баштады.
Спортчу 57 кг чейинки салмак чен бирдигинде алгачкы беттешин кубалык Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иван менен өткөрүп, үч раунддун жыйынтыгы боюнча жеңишти камсыздай алды.
Эми 3-августтан 4–августка караган түнү Жамал Харви аттуу америкалык мушкер менен беттеш өткөрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Бүгүн Печерских жана Сейитбек уулу күч сынашат

Бүгүн , 3-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында суучул Елизавета Печерских менен боксчу Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат. Елизавета Печерских сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы жарышка эркин стилде катышат. Ал эми боксчу Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг) Жамал Харви аттуу америкалык спортчу менен беттешет. Буга чейин кыргызстандык спортчу биринчи […]

Сизге жагышы мүмкүн