Париж -2024: Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль утту

Автор

Бүгүн, 11-августта Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандын бокс тарыхында алгачкы жолу олимпиада күмүшүн утуп алды. Ал финалдык беттеште өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешти.
Беттеш 3:2 эсебинде атаандаштын жеңиши менен аяктады.
Мунарбек финалга чейинки 1/8 баскычта кубалык Орта Родригести, чейрек финалда америкалык Жамаль Харвини жана жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньести утуп алган.
Белгилей кетсек, Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандын беш жолку чемпиону, студенттер аралык Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган, Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Азия чемпионатында коло медаль уткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Кыргызстандын спортчулары олимпиаданы 6 медал менен жыйынтыктады

Кыргызстандын курама командасы Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарындагы беттештерин жыйынтыктады. Жыйынтыгында Кыргызстан 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болуп, 84 өлкөнүн ичинен 68-орунду ээледи. Кыргызстандан жалпы 16 спортчу катышып, 6 медалга ээ болушту. Парижде эркин күрөш боюнча Мээрим Жуманазарова, бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль тагынышты. Грек-рим күрөшү […]

Сизге жагышы мүмкүн