Париж -2024: Машыктыруучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды (тизме)

Автор

Бүгүн, 13-августта Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Париж Олимпиадасынын катышуучуларын, байге ээлерин жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо аземи өттү.
Төмөндө акчалай сыйлык тапшырылган машыктыруучулар жана дарыгерлердин тизмеси:
Машыктыруучулар:
Евгений Петрашов, сууда сүзүү боюнча башкы машыктыруучу (Денис Петрашов жана Елизавета Печерскихтин биринчи жана жеке машыктыруучусу) – 650 миң сом;
Андрей Полубапкин, жеңил атлетика боюча Сардана Трофимованын жеке машыктыруучусу – 125 миң сом;
Айып Исаков, жеңил атлетика боюча башкы машыктыруучу – 150 миң сом;
Улукбек Өмүрзаков, дзюдо боюнча машыктыруучу, (Айбек Кубанычбековдун биринчи машыктыруучусу) – 50 миң сом;
Роман Кузьмин, дзюдо боюнча машыктыруучу, (Эрлан Шеровдун биринчи машыктыруучусу) – 175 миң сом;
Сергей Кладнов, дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 250 миң сом;
Абдужалил Юнусов, дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 300 миң сом;
Исламбек Тазабеков, эркин күрөш боюнча машыктыруучу, (Бекзат Алмазбек уулунун биринчи машыктыруучусу) – 100 миң сом;
Рустам Учаров, эркин күрөш боюнча машыктыруучу, (Бекзат Алмазбек уулунун жеке машыктыруучусу) – 250 миң сом;
Сүймөнкул Табалды уулу , эркин күрөш боюча Кыргыстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 875 миң сом;
Руслан Мажинов, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 750 миң сом;
Биримкулов Чыңгыз, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Амантур Исмаиловдун биринчи машыктыруучусу) – 100 миң сом;
Дастан Муктаров , грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Амантур Исмаиловдун жеке машыктыруучусу) – 250 миң сом;
Аязбек Жумашбаев , грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Үзүр Жусупбековдун биринчи машыктыруучусу) – 700 миң сом;
Мамбектов Раатбек, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Үзүр Жусупбековдун жеке машыктыруучусу) – 1 млн 750 миң сом;
Хаким Махмудов , грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу (Жоламан Шаршембековдун биринчи машыктыруучусу) – 2 млн 450 миң сом;
Мейрамбек Ахмедов, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу (Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу) – 1 млн 750 миң сом;
Улукбек Карачолоков, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 5 млн 500 миң сом;
Эркинбаев Азат, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 6 млн 600 миң сом;
Түгөлбай Базакечов , кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Айсулуу Тыныбекованын биринчи машыктыруучусу) – 700 миң сом;
Нурсултан Аскарбеков, кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Айсулуу Тыныбекованын жеке машыктыруучусу) – 1 млн 750 миң сом;
Рахмадил Жуманазаров, кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызынын биринчи машыктыруучусу) – 1 млн 100 миң сом;
Чынарбек Изабеков кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу) – 2 млн 500 миң сом;
Байгазы Кенжебаев , кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 4 млн 500 миң сом;
Нурбек Изабеков , кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 5 млн 650 миң сом;
Турдаалы Оморов , бокс боюнча машыктыруучу, (Мунарбек Сейитбек уулунун биринчи машыктыруучусу) – 1 млн сом;
Беганас Султанбаев, бокс боюнча машыктыруучу (Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу) – 2 млн 500 миң сом;
Сагынбаев Улан, бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 2 млн 500 миң сом;
Төлөгөн уулу Данияр, бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 3 млн сом.
Медицина кызматкерлери:
Улукбек Кыдыев , массажист – 1 млн 375 миң сом;
Константин Еремич , массажист – 1 млн 375 миң сом;
Иса Биченов, дарыгер – 1 млн 375 миң сом;
Бактыгүл Алишева , дарыгер – 1 млн 375 миң сом;

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстанда мобилизациялык даярдыктардын абалы айтылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коргоо министри Руслан Жаксылыковду кабыл алды. Ак Ордо маалымдагандай, мамлекет башчысына эл аралык окуулардын жыйынтыктары, аскердик даярдыкка жаңы ыкмалардын киргизилиши, ошондой эле аскердик жана мобилизациялык даярдыкты камсыздоо боюнча берилген тапшырмаларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Өзгөчө заманбап курал-жарак жана аскердик техникалар менен жабдууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө […]

Сизге жагышы мүмкүн