Париж -2024: Кыргыз спортчулары оюндун беш түрү боюнча ат салышат. Тизме

Автор

Саналуу күндөрдөн кийин баштала турган Париж Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан спорттун беш түрү боюнча 16 спортчу катышат. Алар спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер), жеңил атлетика, сууда сүзүү, бокс жана дзюдо боюнча катышат.

Спортчулардын тизмеси:

1. Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм, грек-рим күрөшү);

2. Амантур Исмаилов (67 килограмм, грек-рим күрөшү);

3. Акжол Махмудов (77 килограмм, грек-рим күрөшү);

4. Үзүр Жусупбеков (97 килограмм, грек-рим күрөшү);

5. Бекзат Алмаз уулу (57 килограмм, эркин күрөш);

6. Эрназар Акматалиев (65 килограмм, эркин күрөш);

7. Айаал Лазарев (125 килограмм, эркин күрөш);

8. Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм, кыз-келиндер күрөшү);

9. Айпери Медет кызы (76 килограмм, кыз-келиндер күрөшү)

10. Мээрим Жуманазарова (68 килограмм, кыз-келиндер күрөшү);

11. Денис Петрашов (сууда сүзүү);

12. Сардана Трофимова (жеңил атлетика);

13. Мунарбек Сейитбек уулу (бокс);

14. Эрлан Шеров (90 килограмм, дзюдо);

15. Кубанычбек Айбек уулу (66 килограмм, дзюдо);

16. Елизавета Печерских (сууда сүзүү).

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга жөнөп кетти. Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө өз ара кызыкчылыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Өзбекстанда […]

Сизге жагышы мүмкүн