Париж -2024: Кыргыз спортчуларынын Олимпиада мелдештеринин жадыбалы

Автор

Кыргызстандык спортчулардын жайкы Олимпиадада мелдештерге чыга турчу жадыбалы жарыяланды.
Өлкө атынан оюндарга 16 спортчу катышмакчы. Алар сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча катышат.
Олимпиаданын алкагындагы мелдештер 24-июлда башталат. Ал эми ачылыш аземи 26-июлга белгиленген.
Кыргызстандык спортчулардын расписаниеси (Бишкек убактысы боюнча):
27-июль
Сууда сүзүү
Денис Петрашов, 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзөт
15:00 — жарыштын башталышы
01:15 — жарым финал.
28-июль
Дзюдо
Кубанычбек Айбек уулу — 66 килограммга чейин
14:00 — 1/32 финал.
Бокс
Мунарбек Сейитбек уулу — 57 килограммга чейин
15:00 — 1/16 финал.
31-июль
Дзюдо
Эрлан Шеров — 90 килограммга чейин
14:00 — 1/32 финал.
3-август
Сууда сүзүү
Елизавета Печерских — 50 метрге эркин сүзүү
15:00 — жарыштын башталышы
00:30 — жарым финал.
5-август
Спорттук күрөш
Жоламан Шаршенбеков — 60 килограммга чейин
Мээрим Жуманазарова — 68 килограммга чейин
19:00 — 1/8 финал (60 кг, 68 кг чейинкилер)
20:20 — 1/4 финал (60 кг, 68 кг чейинкилер)
01:00 — жарым финалдар (60 кг, 68 кг чейинкилер).
6-август
Спорттук күрөш
Акжол Махмудов — 77 килограммга чейин
Үзүр Жузупбеков — 97 килограммга чейин
15:30 — 1/8 финал (77 кг, 97 кг чейинкилер)
16:50 — 1/4 финал (77 кг, 97 кг чейинкилер)
22:15 — жарым финал (77 кг, 97 кг чейинкилер).
7-август
Спорттук күрөш
Амантур Исмаилов — 67 килограммга чейин
15:30 — 1/8 финал (67 кг чейинкилер)
16:50 — 1/4 финал (67 кг чейинкилер)
22:15 — жарым финал (67 кг чейинкилер).
8-август
Спорттук күрөш
Бекзат Алмаз уулу — 57 килограммга чейин
15:30 — 1/8 финал (57 кг чейинкилер)
16:50 — 1/4 финал (57 кг чейинкилер)
22:15 — жарым финал (57 кг чейинкилер).
9-август
Спорттук күрөш
Айсулуу Тыныбекова — 62 килограммга чейин
Айаал Лазарев — 125 килограммга чейин
15:30 — 1/8 финал (62 кг, 125 кг чейинкилер)
16:50 — 1/4 финал (62 кг, 125 кг чейинкилер)
22:15 — жарым финал (62 кг, 125 кг чейинкилер).
10-август
Спорттук күрөш
Эрназар Акматалиев — 65 килограммга чейин
Айпери Медет кызы — 76 килограммга чейин
15:30 — 1/8 финал (65 кг, 76 кг чейинкилер)
16:50 — 1/4 финал (65 кг, 76 кг чейинкилер)
22:15 — жарым финал (65 кг, 76 кг чейинкилер).
11-август
Жеңил атлетика
Сардана Трофимова — 12:00 аялдар марафону.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын командасына тууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда алдыда боло турган ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алган спортчулар менен жолугушуп, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудовго Мамлекеттик тууну тапшырды. Мамлекет башчысы олимпиадачылардын алдында сүйлөп жатып, Олимпиада – бул дүйнөлүк масштабдагы иш-чара экенин, дүйнөлүк спорт тарыхында абдан маанилүү орунду ээлерин белгиледи. Ошондуктан Олимпиадада […]

Сизге жагышы мүмкүн