Париж -2024: Кыргызстан Олимпиадага 13 жолдомо алды

Автор

Быйыл жайында Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына Кыргызстандын спортчуларында азырынча 13 лицензия бар.
Аларды балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Амантур Исмаилов, Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Үзүр Жусупбеков, Айаал Лазарев, ошондой эле сууда сүзүүчү Денис Петрашов жана жөө күлүктөр Сардана Трофимова менен Илья Тяпкин жеңип алышты.
Буга чейин Кыргызстандын спортчулары 30 олимпиадалык жолдомо алууну пландап жатканы маалымдалган. Дагы убакыт бар – биз күтөбүз!
Эске салсак, 33-Жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин Парижде өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Малайзиянын премьер-министри Кыргызстанга келди

“Манас” эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Аэропорттогу флагштокторго Кыргыз Республикасынын жана Малайзиянын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилген. Сапардын алкагында жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылган. Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-малайзиялык мамилелерди саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар […]

Сизге жагышы мүмкүн