Париж-2024: Кыргызстан командасынын капитаны Акжол Махмудов болду

Автор

Париждеги Олимпиадада улуттук курамдын капитаны грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Махмудовдун алгачкы беттеши 6-августка пландалган, ал эми оюндардын ачылышы 26-июлда өтөт.
Күрөш боюнча беттештер кечирээк башталгандыктан оюндардын ачылышына балбандар катышпайт. Мындан улам ачылыш аземде өлкөнүн желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат.
Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Ага катышуу үчүн учурда Кыргызстандын куржунунда 16 лицензия бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Айнура Аскарова Улуттук китепкананын директору болуп дайындалды

Айнура Аскарова Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Тиешелүү буйрукка маданият министри Алтынбек Максүтов кол койду. Жаңы дайындалган директорду китепкананын эмгек жамаатына министр Алтынбек Максутов тааныштырып, китепкананын ишин алдыга жылдырууга ишенимин артып, жооптуу ишине ийгилик, жамаатка ынтымак каалады. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн