Париж -2024: Кыргызстандын спортчулары өлкөгө кайтып келишти

Автор

Париж Олимпиадасына катышкан Кыргызстандын спортчулары өлкөгө кайтып келишти. Аларды мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, спортчулардын ата-энелери жана жакындары тосуп алышты.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Париждеги жайкы Олимпиадада Кыргызстандын туусу алты ирет желбирегенин, мунун артында талыкпаган мээнет жана аракет турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, Олимпиадага Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерде күч сынашты.
Жалпысынан Кыргызстан Олимпиадада 6 медаль – 2 күмүш, 4 коло утту. 206 өлкөнүн ичинен медалдардын саны боюнча Кыргызстан 6 медалы 68-орунга чыкты.
Учурда Париж Олимпиадасынын катышуучуларын унаалардын коштоосунда борбор калаадагы Т.Усубалиев. атындагы аянтка келатышат. Анда Кыргызстанга кайтып келген спортчуларды тосуп алуу салтанаттуу иш-чарасы уланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Орус колдонуучуларына монетизация токтотулду

Google Россияда сайттарга контексттик жарнама блокторун жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берген AdSense жарнамалык түйүнүн толук токтотууну чечти. Жайгашкан өлкөсү Россия деп көрсөтүлгөн бардык аккаунттар бул кызматтан өчүрүлөт. “Бул аккаунттар аркылуу монетизациядан киреше алууга болбойт дегенди билдирет”,-деп жазган CNews басылмасы. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн