Париж -2024: Кыргызстандын спортчулары олимпиаданы 6 медал менен жыйынтыктады

Автор

Кыргызстандын курама командасы Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарындагы беттештерин жыйынтыктады.
Жыйынтыгында Кыргызстан 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болуп, 84 өлкөнүн ичинен 68-орунду ээледи.
Кыргызстандан жалпы 16 спортчу катышып, 6 медалга ээ болушту. Парижде эркин күрөш боюнча Мээрим Жуманазарова, бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль тагынышты.
Грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жузупбеков жана эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова коло медаль утушту.
Белгилей кетсек, кыргызстандын эсебинде эгемендүүлүккө ээ болгондон берки Олимпиада оюндарында 13: Сиднейде — 1 (коло), Пекинде — 3 (күмүш жана 2 коло), Токиодо — 3 (2 күмүш жана коло),Парижде — 6 (2 күмүш жана 4 коло) медаль бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көлдө билим саммити өтөт

16-августтан 20-августка чейин Чолпон-Ата шаарында билим саммити өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, саммит август иш-чараларынын алкагында өткөрүлөт. Саммиттин биринчи күнүндө Казакстан балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдарына камтуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү. Ошондой эле мектепке чейинки курактагы балдар үчүн ваучердик каржылоону киргизүү боюнча талкуу […]

Сизге жагышы мүмкүн