Кыргызстандык спортчулар быйыл жайында Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 5 жолдомо утуп алышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында айтылды.
Маалыматка ылайык, учурда Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү), Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (аялдар күрөшү), Айпери Медет кызы (аялдар күрөшү) жана Денис Петрашовдо (суучул) жолдомо бар.
Эске салсак, XXXIII жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылы 26-июлдан 11-августка чейин Париж шаарында өтөт.
Догдургүл Кендирбаева: “Мектеп интернаттары, жетим балдар дайыма көңүл борборунда”
Дүй Фев 26 , 2024