Париж -2024: Кыргызстандык эки жөө күлүк Олимпиадага жолдомо алды

Автор

Кыргызстандык жөө күлүктөр Илья Тяпкин менен Сардана Трофимова Париж Олимпиадасына жолдомо алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму жарыялады.
Алардын ысымдары Париж Олимпиадасында марафонго катыша турган спортчулардын тизмесине кирди.
Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Илья Тяпкин менен Сардана олимпиадалык нормативди аткара алышкан эмес. Бирок, Universality Places системасы боюнча квота алышты. Белгиленген талаптарга ылайык, өлкөнүн норматив аткарбаган жөө күлүктөрү болсо, Олимпиада оюндарында 3 дистанцияда: 100 метрге, 800 метрге же марафонго чуркоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын куржунунда жалпысынан 13 олимпиадалык лицензия бар. Анын ону күрөш боюнча, экөө жеңил атлетика жана бирөө сууда сүзүү боюнча берилген.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК трансулуттук киберкылмыштуу топтун уюштуруучуларын кармады

Трансулуттук кибер кылмыштуу топтун уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан финансы-банк тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыкчам иш-чаралардын алкагында, тиешелүү кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу КР жарандарынын акча каражаттарын алып чыгуунун кылмыштуу схемасы аныкталды. Тактап айтканда, трансулуттук кылмыштуу […]

Сизге жагышы мүмкүн