Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) категориясындагы кыргызстандык калыс Вероника Бернацкая эркектер жана аялдар арасындагы Олимпиада оюндарынын футбол боюнча турнирлерине дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жайкы Олимпиада оюндары 24-июлдан 10-августка чейин Францияда өтөт. Ага он алты эркектер курамасы жана кыз-келиндердин он эки курама командасы катышат.
Футбол боюнча турнирлер Франциянын жети стадионунда өтөт: “Велодром”, “Групама”, “Парк де Пренс”, “Матмут Атлантик”, Жоффруа Гишара ат.стадион, “Альянц Ривьера”, “Божуар-Луи Фонтено”