Париж – 2024: Жоломан Шаршенбековдун эки атаандашы белгилүү болду

Автор

Азербайжандын борбору Бакуда5-7-апрелде Европадагы Олимпиадалык лицензиялык мелдеш өттү. Анда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшүнөн финалга чыккан экиден балбан Олимпиада оюндарына жолдомого ээ болду.
Бул мелдеште кыргызстандык грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбековдун (60 кг) Олимпиададагы дагы эки атаандашы белгилүү болду. Бири — молдовалык Виктор Чобану, экинчиси түркиялык Энес Башар болду.
Эске салсак, быйыл 24-июлдан 11-августка чейин Франциянын борбору Парижде Олимпиада оюндары өтөт. Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиадага 5 жолдомо бар: грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг), кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг) жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов лицензия алган.

Бөлүшүү:
Next Post

10-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 10-апрелде түнкүсүн күндүз жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23; Ысык-Көл облусунда […]

Сизге жагышы мүмкүн