Париж Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиялык лицензиялык мелдешке Кыргызстандын атынан грек-рим күрөшү боюнча 4 балбан күрөшөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментине билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеш 19-21-апрелде Бишкекте өтөт.
Лицензиялык мелдешке катыша турган балбандардын тизмеси:
Амантур Исмаилов — 67 кг
Асан Жанышов — 87 кг
Үзүр Жузупбеков — 97 кг
Роман Ким — 130 кг
Эскерте кетсек, грек-рим күрөшүндө 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг салмактары олимпиадалык болуп саналат. Буга чейин 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков жана 77 кг салмакта Акжол Махмудов лицензия алган.