Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков алгачкы атаандашын жеңди

Автор

Бүгүн, 5-августта Жоламан Шаршенбеков беттешке чыкты. Ал 1/8 финалда Казакстандын балбаны менен күч сынашып, алгачкы беттешти жеңиш менен баштады.
Ал Ал грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмак ченинде казак балбаны Айдос Султангалини 6:3 эсеби менен жеңип, беттештин кийинки баскычына өттү.
Эске сала кетсек, Шаршенбеков казак спортчусу менен акыркы жолу 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында кез келип, беттеш кыргызстандык балбандын жеңиши менен аяктаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Мээрим Жуманазарова чейрек финалга чыкты

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында бүгүн, 5-августа күрөш боюнча мелдеш башталды. 68 килограммга чейинки салмак ченинде кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова 1/8 финалдан баштады. Ал монголиялык Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде жеңди. Эске сала кетсек, бүгүн кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков жеңиш менен баштады. Олимпиада оюндарында Кыргызстандан жалпысынан 10 балбан күч сынашат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн