Париж -2024: Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Олимпиада оюндарына катышат

Автор

Ош шаарынын тургуну, дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал мекендештеринин арасында эң жогорку рейтингге ээ болгон дзюдочу катары Эл аралык федерациянын эрежеси боюнча Олимпиада оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Эскерте кетсек, буга чейин дзюдочу Эрлан Шеров Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн дүйнө чемпионатында коло байге утуп, быйыл жайында Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл Курман айт качан болору айтылды

Быйыл Курман айт 17-июнда белгиленет. Бул күн министрлер кабинетинин токтому менен дем алыш катары бекитилген. Курман айт дүйшөмбүгө туура келет. Муну менен кыргызстандыктар үч күн — 15, 16 жана 17-июнь күндөрү эс алышат. Эске салсак, Курман айт Орозо бүткөндөн кийин жетимишинчи күнгө туш келет. Бул күнү мусулмандар курмандык чалып, эттин […]

Сизге жагышы мүмкүн