Париж-2024: Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу жарым финалга өтө албай калды

Автор

Бүгүн, 28-июлда Париждеги Олимпиада оюндарында Кыргызстандын дзюдочусу Кубанычбек Айбек уулу беттешке чыгып, украиналык спортчуга утулуп калды.
Ал 66 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти 1/16 финалдык баскычтан баштаган. Кыргызстандык спортчунун алгачкы атаандашы 2022-жылкы Европа чемпиону украиналык Богдан Ядов болду.
Белгилей кетсек, Париж Олимпиадасына Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон. Жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

“Сапаттын” окуучусу программалоо боюнча Европа олимпиадасында коло медаль утту

З.Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу Айпери Акжолтоева программалоо боюнча европалык олимпиадасында коло медалга татыктуу болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОКнын 11-классынын окуучусу Варвара Глинова катышуу сертификатын алды. 21-июлдан 27-июлга чейин өткөн европалык олимпиадагы 50дөн ашык өлкөдөн 194 окуучу информатика боюнча катышты. […]

Сизге жагышы мүмкүн