Париж -2024: Денис Петрашов жарым финалда 14 – орунга чыкты

Автор

Бүгүн, 31-июлда кыргызстандык суучул Денис Петрашов Олимп оюндарынын 200 метрге брасс ыкмасында сүзүү жарышында финалга чыкпай калды.
Ал 200 метрди 2 мүнөт 10,19 секундада сүзүп өтүп, сегиз адамдан турган өз тайпасында жетинчи орунду ээледи. Ал эми жалпы тизмеде 14-сапка жайгашты.
Жалпысынан бул аралыкка 16 суучул катышып, эки топко бөлүнүп жарышты.
Эң мыкты жыйынтык көрсөткөн сегиз спортчу 1-августта боло турган финалга жолдомо алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Бүгүн Эрлан Шеров менен Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат

Бүгүн, 31-июлда Париждеги Олимпиада оюндарынын таймаштарынын бешинчи күнүндө Кыргызстандын эки спортчусу мелдешке чыгат. Дзюдо боюнча беттеште Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Эрлан Шеров (90кг) күрөшөт. Бокс боюнча турнирге дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу катышмакчы. 31-июлдагы мелдештердин жүгүртмөсү: 14:00 дзюдо, 90 кг салмак ченине чейин, 1/32 […]

Сизге жагышы мүмкүн