Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев быйыл Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды. Ал Түркияда өткөн лицензиялык акыркы турнирде 125 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.
Ямайкалык жана өзбекстандык балбандарды мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалда Венгриялык атаандашы менен беттешти.
Айаал Лазарев кайрадан мөөнөтүнөн мурда 12:2 эсебинде жеңишке жетти. Ал финалга чыгып, Парижде Олимпиада оюндарына лицензия алды.