Париж -2024: Гүлназ Жүзбаева жеңил атлетика боюнча Олимпиадасына жолдомо утту

Автор

Кыргызстандык пара жеңил атлетчи Гүлназ Жүзбаева Швейцарияда өткөн «Дүйнө Гран-При» лицензиялык мелдеште алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу (Юлия Фернас — коштоп жүрүчү) 1500 м аралыкты 6 мүнөт 18 секунд 25 милисекундда чуркап өтүп, Париж Олимпиадасына жолдомо алды.
Белгиленгендей, мелдеш 6-8-июнда Ноттвиль шаарында өттү.
Кийинки лицензиялык мелдеш 10-15-июнь күндөрү Париж шаарында (Франция) өтөт. Ага ата мекендик жөө күлүк Жалалидин Абдувалиев (Артём Шапилов — коштоп жүрүүчү) катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Акылбек Жапаров Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун долбоорун сунуштайт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Австриянын Вена шаарына болгон расмий иш сапары учурунда Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышат. Форумдагы талкууда Камбар-Ата ГЭС-1 ди куруу долбоору боюнча айтып берет жана республиканын гидроэнергетикалык потенциалына арналган пленардык жыйынга жана панелдик сессияларга катышат. Эки тараптуу жолугушуулардын алкагында Австриянын европалык жана эл аралык иштер […]

Сизге жагышы мүмкүн