Греция 2024-жылы Париждеги жайкы оюндарды өткөрүү үчүн Олимпиада отун тапшырды. Салтанат Афина шаарындагы Панатинаикос стадионунда болуп өттү.
Олимп оту 11 күн бою Грециянын аймагы аркылуу өткөндөн кийин Афинага алып барылды.
Грециянын улуттук олимпиада комитетинин президенти Спирос Капралос Парижге сапарын улантуу үчүн Олимпиада отун Париж 2024 уюштуруу комитетинин президенти Тони Эстангага тапшырды.
Стадионго кирүү акысыз болду. Олимп оюндарынын отун Панатинаикос стадионуна жөө басуу боюнча чемпион Антигони Дрисбиоти алып келди. Андан соң Грециянын Улуттук олимпиада комитетинин президенти, Европа олимпиадалык комитеттеринин президенти Спирос Капралос жана “Париж-2024” уюштуруу комитетинин башчысы Тони Эстангу куттуктоо сөздөрүн айтышты. Салтанаттын аягында факелди Капралоско, ал отту Эстангага узатты.
От Франциянын Афинадагы элчилигинен бүгүн, ишемби күнү Пирейден үч мачтуу парустук Белем кемеси менен Францияга узатылып, 8-майда Марселге келет.
Франциянын факелинин эстафетасы 68 күнгө созулуп, 26-июлдагы Оюндардын ачылыш аземинде Олимпиада отунун жагылышы менен аяктайт.
Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин өтөт.