Париж-2024: Бүгүн 4 кыргызстандык балбан беттешке чыгат

Автор

Бүгүн, 6-августта Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык 4 балбан килем үстүнө чыгат.
Адегенде Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча турнирде беттештерин башташат. Балбандардын күрөшү Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө, жарым финалдык кармаштар 22:15те болмокчу.
Жарым финалдык беттештерден кийин медаль үчүн мелдештер орун алат.
Килемге биринчи Жоламан Шаршенбеков чыгат. Ал коло медаль үчүн 60 кг салмак ченинде күч сынашат.
Алтын байге үчүн күрөшкө эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында 68 кг салмакта Мээрим Жуманазарова килемге чыгат. Ал америкалык спортчу Амит Элор менен таймашат.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банктын мурдагы төрагасы Орусияга элчи болуп дайындалды

Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Эске салсак, Бөкөнтаев буга чейин Улуттук банктын төрагасы болуп келген. Аталган кызматка 2021-жылы сентябрда дайындалып, быйыл июль айында кызматтан кеткен. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн