Париж -2024: Бүгүн Эрлан Шеров менен Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат

Автор

Бүгүн, 31-июлда Париждеги Олимпиада оюндарынын таймаштарынын бешинчи күнүндө Кыргызстандын эки спортчусу мелдешке чыгат.
Дзюдо боюнча беттеште Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Эрлан Шеров (90кг) күрөшөт.
Бокс боюнча турнирге дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу катышмакчы.
31-июлдагы мелдештердин жүгүртмөсү:
14:00 дзюдо, 90 кг салмак ченине чейин, 1/32 финал
Эрлан Шеров – Силва Моралез (Куба)
1-август, 02:00 бокс, 57 кг салмак ченине чейин, 1/8 финал Мунарбек Сейитбек уулу – Хорта Родригез (Куба).
Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

«Сапаттын» окуучусу физика боюнча Олимпиадада коло медаль утту

Физика боюнча 54-эл аралык олимпиадада Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Бектур Баратали коло медаль утуп алды. Ал эми А. Молдокулов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Аскар Абдиев Ардак грамота алды. 21-28-июль күндөрү Кыргызстандан барган окуучулар Иранда өткөн физика боюнча 54-эл аралык IPHO-2024 олимпиадасына катышты. Бектур Бараталини мугалим Дүйшөн Сатыбалдыев, […]

Сизге жагышы мүмкүн