Париж-2024: Бүгүн Печерских жана Сейитбек уулу күч сынашат

Автор

Бүгүн , 3-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында суучул Елизавета Печерских менен боксчу Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат.
Елизавета Печерских сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы жарышка эркин стилде катышат.
Ал эми боксчу Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг) Жамал Харви аттуу америкалык спортчу менен беттешет. Буга чейин кыргызстандык спортчу биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда кубалык Орта Родригес дель Рей Сайдель Иванды жеңип чейрек финалга чыккан.
3-августка жүгүртмө:
Елизавета Печерских (сууда сүзүү)
Саат 15:00 – эркин стилинде 50 метр аралыкка жарыш
Мунарбек Сейитбек уулу (бокс, 57 кг)
Саат 00:00 — 1/4 финал
Мунарбек Сейитбек уулу (Кыргызстан) — Жамал Харви (АКШ).
Белгилей кетсек, Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты Париждеги жайкы ХХХIII Олимпиада оюндарында боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты. Кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг салмак категориясында чейрек финалда АКШнын спортчусу Жамал Харви менен кез келип, аны утуп алды. Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиада оюндарында медалга ээ болгон алгачкы Кыргызстандык мушкер болду. Жарым финалга чыгуу мушкерге коло медалды алып келет. Финалга чыгуу үчүн күрөштө кыргызстандыктын мушкердин атаандашы Болгариянын желеги астында ат салышкан дагы бир кубалык Хавьер Диас болмокчу. Медаль үчүн оюндар 8-августта башталат. Белгилей кетсек, Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда.

Париждеги жайкы ХХХIII Олимпиада оюндарында боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты. Кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг салмак категориясында чейрек финалда АКШнын спортчусу Жамал Харви менен кез келип, аны утуп алды. Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиада оюндарында медалга ээ болгон алгачкы Кыргызстандык мушкер болду. Жарым финалга чыгуу мушкерге […]

Сизге жагышы мүмкүн