Париж -2024: Бүгүн Кыргызстандын атынан Денис Петрашов чыгат Бүгүн, 27-июлда Париж шаарында XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан биринчи болуп сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов чыгат. Ал 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзөт. Париждеги Олимп оюндарында 27-июль күнү 14 медаль топтому ойнотулат. Бул аралыкка сүзүүгө жалпысынан 36 спортчу катышат, алар 5 топко бөлүнөт. Алдын ала жарыштан кийин жарым финалга күчтүү 16 суучул суурулуп чыгат. Кыргызстандын Улуттук курама командада 16 спортчу бар, алар спорттун беш түрүндө — күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча катышат. Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Парижде 26-июлдан 11-августка чейин, ал эми Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Автор

Бүгүн, 27-июлда Париж шаарында XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан биринчи болуп сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов чыгат. Ал 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзөт.
Париждеги Олимп оюндарында 27-июль күнү 14 медаль топтому ойнотулат. Бул аралыкка сүзүүгө жалпысынан 36 спортчу катышат, алар 5 топко бөлүнөт. Алдын ала жарыштан кийин жарым финалга күчтүү 16 суучул суурулуп чыгат.
Кыргызстандын Улуттук курама командада 16 спортчу бар, алар спорттун беш түрүндө — күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча катышат.
Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Парижде 26-июлдан 11-августка чейин, ал эми Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Олимпиаданын алгачкы алтын медалынын ээлери аныкталды

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында медалдардын биринчи топтому бүгүн, 27-июлда тапшырылды. Бул 10 метрден пневматикалык тапанчадан атуу боюнча аралаш жуптар боюнча мелдеште болду. Финалда Кытай менен Түштүк Кореянын жуптары беттешти. Кытайлык Лихао Шен менен Ютинг Хванг 16:12 эсебинде жеңишке жетишти. Ошентип Кытай 2024-жылкы Олимпиаданын расмий эмес медалдык эсебинде алдыга чыкты. […]

Сизге жагышы мүмкүн