Париж-2024: Бүгүн Денис Петрашов 200 метрге сүзүү боюнча мелдешке катышат

Автор

Бүгүн, 30-июлда Париждеги Олимпиада оюндарынын алкагында кыргызстандык суучул Денис Петрашов экинчи ирет күч сынашат. Ал брасс стилинде 200 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча мелдешке катышат.
Бул жарышка жалпы 25 спортчу чыгат. Жарым финалга чыгуу үчүн ТОП-16га кириш керек. Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.
27-июлда Денис Петрашов Олимпиада оюндарында 100 метрди брасс ыкмасы менен сүзүп өтүп, 1 мүнөт 0,42 секунда менен келип, 8-орунду ээледи. Бул жыйынтык менен 36 суучулдун ичинен ал 23-орунга жайгашып, жарым финалга чыга алган жок.
Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Жайкы Олимпиадагы Кыргызстандан 16 спортчусу катышууда. Алар сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте кыргыз-казак эл аралык айтышы өтөт

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 30-31-августта төкмө акындардын XVII Эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Улуттук “Манас” театрынан билдиришти. Маалыматка ылайык, айтыш Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. 12-августта «Манас» театрынын залында тандоо туру болот (саат 10:00дө). Айтыштын байге фонду 3 млн сомду түзөт. Төкмөлөрдүн таймашы Кара-Кыргыз автономиялуу […]

Сизге жагышы мүмкүн