Париж-2024: Бүгүн балбандар Исмаилов, Махмудов жана Жусупбеков килемге чыгат

Автор

Бүгүн, 7-августта Париждеги Олимпиада оюндарында Кыргызстандын үч балбаны – Амантур Исмаилов, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков килемге чыгат.
Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков көңүл жубатуучу беттеште коло медалга күрөшүү мүмкүнчүлүгү үчүн күрөшөт.
Амантур Исмаилов болсо, турнирде алгачкы беттештерин өткөрөт.
Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.
7-августтун жүгүрмөсү:
77 килограмм салмак ченинде
Акжол Махмудов – Алексис Муньоз (Колумбия);
97 килограмм салмак ченинде
Үзүр Жусупбеков – Жозефь Патрик Рау (АКШ);
15:30 – 67 килограмм салмак ченинде, 1/8 финал
Амантур Исмаилов – Рамаз Зоидзе (Грузия).
Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиададан эки медалы бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков коло медаль утту.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Айаал Лазарев коло медаль үчүн жубатуучу турнирге катышат

Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Ал эркин күрөш боюнча 125 кг чейинки салмак даражада күрөшүп жатат. Балбан 9-августта 1/8 финалдык баскычта Ирандын спортчусуна жеңилип калган. Ирандык атаандашы финалга чыгып, Лазарев коло медаль үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алды. […]

Сизге жагышы мүмкүн