Париж -2024: Амантур Исмаилов Олимпиадага жолдомо алды

Автор

Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов быйыл Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.
Ал 67 кг чейинки салмакта жолдомо үчүн беттеште кытайлык Хусиету Хусиетуну 9:1 эсебинде утту. Буга чейин Түнтүк Кореядан келген Ёнг Жин Рон атту спортчуга эки жолу 5 упайлык ыкма колдонуп, жыйынтыгында 11:0 ири эсебинде жеңишти камсыздай алган.
Бишкектеги Азиялык лицензиялык мелдешинин жыйынтыктоочу күнү грек-рим күрөшү боюнча Олимпиадалык деп эсептелген 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг чейинки салмактарда жолдомо ойнотулду. Ар бир салмакта финалга чыккан экиден балбан Олимпиаданын лицензиясына ээ болот. Финалдык беттештер болбойт.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат айымга ИИМ жооп берди

Милициянын мурдагы тергөөчүсү, учурдагы депутат Айгүл Айдарова ИИМди сындап, министр өз бизнеси менен алек болууда дегенден башка жетиштүү фактыларды көрсөтө алган эмес. Анын жөн эле кесиптештерине жалаа жаап, эски кегин алып жатканы айтылууда. Болбосо, ИИМдин жооптуу кызматына өзүн дайындаса, канчалык деңгээлде иш жүргүзө алат деген маселе жаралат. Кечээ ИИМ депутатка […]

Сизге жагышы мүмкүн